Биринчи класска мектепке электрондук каттоо бүгүн, 10-апрель, саат 09:00дө башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.